05.04.2018 15:41

Сауд  Аравияда акыркы 35 жылдан бери биринчи жолу коомдук кинотеатр ачылганы турат

Сауд  Аравияда акыркы 35 жылдан бери биринчи жолу коомдук кинотеатр ачылганы турат.  Америкалык AMC Entertainment Holdings Inc. тармагынын мекемеси өз ишин  18-апрелде баштайт.

Бул тууралуу өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлигинин Эл аралык байланыш борборунан (CIC) билдиришти. Жаңы кинозалда алгачкылардан болуп, режиссер Райан Куглердин “Черная пантера” тасмасы көрсөтүлөт.  

2030-жылга чейин өлкөдө 350гө жакын кинотеатр пайда болот. «Бул падышачылыктагы маданий индустриянын өнүгүшүндөгү бурулуш маал болуп калат», - деп билдирген мурдараак Маданият министри Авад бен Салех аль-Авад.

Июнь айында такка отурган  падыша Сальман бен Абдель Азиз Аль Сауд 2017-жылдын сентябрында  2018-жылдан баштап, аялдарга унаа башкарууга салынган тыюуну алып салуу буйругун берген. Ошондой эле, өлкөдө модернизациялоо  башталаарын жарыялаган.

 1980-жылдары кинотеатр жана башка көңүл ачуучу жайларга өлкөнүн мурунку эски көз караштагы жетекчилиги тарабынан тыюу салынган болчу.